Германия дебютант Кюрасао курамасын ири эсепте жеңди
Новость

Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында Е тайпасындагы оюндар 15-июнга караган түнү орун алды.

Германия-Кюрасао беттеши германиялыктардын пайдасына 7:1 эсебинде аяктады. Курамага 3 упай берилип, тайпада 1-орунга чыкты. Кюрасао курамасы Дүйнө чемпионатындагы алгачкы тарыхый голун киргизди. 

Германия курамасы Дүйнө чемпионатынын төрт жолку жеңүүчүсү. Бул чемпионатта дебюттук оюн өткөрүп жаткан Кюрасао курамасы алгачкы тарыхый голун киргизди. 

Беттештерди УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүүдө.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.