Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында F тайпасынын 1-турунда Нидерланд менен Жапония курамалары кез келишти. Эки курама тең кызыктуу оюн тартуулашты. Нидерланд курамасы топко көбүрөөк ээлик кылып турду.
Нидерланддык Вирджил ван Дейк 50-мүнөттө алгачкы голду жаратты. Ал эми 57-мүнөттө жапониялык форвард Кэито Накамура эсепти теңдей алды.
64-мүнөттө Крисенсио Саммервилл Нидерланддын пайдасына экинчи голду киргизди.
Оюн аяктап калганда 89-мүнөттө жапониялык Даити Камада гол тээп, эсеп 2:2 болду. Бул оюндан кийин эки курама тең бирден упай алышты.
Беттештерди УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүүдө.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.