Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин Е тайпасындагы Кот-д'Ивуар менен Эквадордун беттеши жыйынтыкталды. Оюн АКШнын Филадельфия шаарындагы "Lincoln Financial Field" стадионунда өттү. Оюн Кот-д'Ивуардын пайдасын 1:0 эсебинде аяктады. Кот-д'Ивуардын чабуулчусу Амад Диалло беттештеги жалгыз голду 90-мүнөттө киргизди.
20-июнда Кот-д'Ивуар курамасы Германия менен кез келет. 25-июнда Кюрасао менен күч сынашат. Эквадор 21-июнь күнү Кюрасао менен, 25-июнда Германия менен ойнойт.
Бул тайпадагы Германия курамасы Кюрасао командасын 7:1 эсебинде утту.
Беттештерди УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүүдө.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.