Футбол боюнча Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин F тайпасындагы курама командалар Швеция менен Тунистин беттеши жыйынтыкталды. Оюн Мексиканын Гвадалупе шаарында өттү. Оюн 5:1 эсебинде Швециянын пайдасына жыйынтыкталды.
7-мүнөттө Швеция эсепти ачып, Ясин Айари гол киргизди. 30-мүнөттө Александр Исак командасынын эсебин эки эсеге арттырды. Тыныгуу алдында тунистик Омар Рекик бир гол жаратты. Бирок 59-мүнөттө Виктор Гёкерес эсепти кайрадан кеңейтип, Швециянын үчүнчү голун киргизди. Оюндун аягында Швеция дагы эки жолу гол киргизди: Маттиас Сванберг 86-мүнөттө, Ясин Айари 90+6-мүнөттө гол киргизди.
Бул тайпада Нидерланд менен Жапония да бар. Эки команда 2:2 эсебинде тең чыгып, бирден упай алган эле. Бул жеңиштен кийин Швеция үч упай алып, тайпада биринчи орунга чыкты.
Беттештерди УТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтүп жатат.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.