Испания-Кабо-Верде беттеши: Фавориттер дебютанттарга каршы ойношот
Новость

15-июнда саат 22:00дө футбол боюнча Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин Н тайпасындагы курама командалардын беттешет. Анда Испания менен Кабо-Верде күч сынашат. Оюн АКШдагы "Атланта" стадионунда орун алат.

Испания курамасы турнирдин фавориттеринин бири катары эсептелсе, Кабо-Верде өз тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпионатына катышып жатат. Испаниянын машыктыруучусу Луис де ла Фуэнте атаандашын баалабай коюуга болбой турганын белгилесе, Кабо-Верденин башкы машыктыруучусу Бубишта командасы жөн гана катышуу үчүн эмес, атаандаштык көрсөтүү үчүн келгенин айткан. 

Беттештерди УТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.