15-июнга караган түнү Арлингтондогу стадиондо Нидерланд жана Япония курамалары беттешти. Командалар 2:2 эсебинде тең чыгышты.
Оюн соңунда дүйнө эли бир гана беттешти эмес, жапониялык күйөрмандарды да талкуулашууда. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү стадиондон чыгууга шашып жаткан учурда жапониялыктар отурган секторун таштандыдан тазалоого киришкен. Мындай көрүнүш жапондуктар үчүн визиттик карта болуп калганы талашсыз. Ошентсе да күйөрмандардын бул кадамы көрүүчүлөрдү суктандырууда.
Дүйнө чемпионаты-2026 турнириндеги бардык беттештерди УТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтүүдө.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.


