Испания курамасы дебютант Кабо-Вердени жеңе алган жок. Эсеп 0:0
Новость

Дүйнө чемпионаты-2026 мелдешинин тайпалык этабындагы 1-турда дебютант Кабо-Верде Испанияга каршы оюн өткөрдү.

Оюн 0:0 эсебинде аяктады. Кабо-Верде курама командасынын дарбазачысы Жозимар Возинья мыкты оюнчу аталды. Ал беттештен кийин көзүнө жаш алды.

40 жаштагы дарбазачы дүйнөнүн эң күчтүү курамаларынын бири менен болгон оюнда өз дарбазасына гол өткөргөн жок. 

Испания ФИФАнын рейтингинде үчүнчү орунда турат, ал эми Кабо-Верде 64-орунда жайгашкан. 

Оюндун жүрүшүндө Испания командасы 27 сокку узатып, анын жетөөсү дарбаза алкагына дал келген, бирок Возинья гол өткөрбөй сактап калды.

Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.