Футбол боюнча Дүйнө чемпионатында Иран менен Жаңы Зеландия күч сынашат
Новость

Бүгүн, 16-июнда АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы стадиондо Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында G тайпасындагы курамалар ортосунда кезектеги кызыктуу беттеш орун алат. 

Анда Иран менен Жаңы Зеландия күч сынашат.

Бул тайпадагы алгачкы оюн Бельгия менен Египеттин ортосунда өтүп, анда эсеп ачылган эмес. Мындан улам, бүгүнкү беттеш эки команда үчүн тең өзгөчө мааниге ээ. Жеңишке жеткен тарап 3 упай менен тайпада дароо жалгыз лидерликке чыгуу мүмкүнчүлүгүн алат.

Бул командалар буга чейин тарыхта болгону эки ирет кездешкен. Анын биринде Иран жеңишке жетсе, экинчисинде тең чыгуу катталган.

Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.