Бельгия - 1:1 - Египет. Эки голду тең египеттиктер жаратышты, бири автогол
Новость

16-июнда Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин тайпалык баскычтагы оюндарында Бельгия менен Египет курамалары кез келишти. Оюндун жүрүшүндө эки курам топко ээлик кылуу, активдүүлүк, дарбазага топ тебүү боюнча бирдей жыйынтык көрсөтүп жатышты. 

Оюндун 19-мүнөтүндө команданын капитаны Мохамед Салахтан пас алган жарым коргоочу Эмам Ашур гол киргизип эсепти ачты. Беттештин 66-мүнөтүндө Ромелу Лукакунун катышуусундагы таймашта Мохамед Хани өз дарбазасына автогот тээп эсепти теңдеди. Оюн 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.