16-июнда Дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычтагы оюндарында Уругвай менен Сауд Арабиясы күч сынашты. Оюн Майамиде орун алды. Беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Оюндун 41-мүнөтүндө Сауд арабиялык Абдулелах Аль-Амри гол жаратып, эсепти ачты. Ал эми уругвайлыктардын футболчусу Макси Араухо 80-мүнөттө гол киргизип, эсепти теңдеди.
Бул Н тайпасында Испания жана Кабо-Верде курама командалары дагы 0:0 эсебинде тең чыгышты. Муну менен Н тайпасындагы бардык курамалар 1ден упай алышты.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.