Франция - Сенегал беттеши. Килиан Мбаппе баш болгон курам үчүнчү ирет финалга жете алабы?
Новость

17-июнда саат 01:00дө Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин I тайпасынын алкагында Франция - Сенегал курамалары беттешет.

Франция курамасы Мундиаль-2026нын негизги фавориттеринин катарына кирет. Бул курама команда 2018-жылы жеңишке жетип, 2022-жылы финалда Аргентинага пенальтилер сериясында гана утулуп калган. Алар тарыхта катары менен үч жолу Дүйнө чемпиондугунун финалына чыккан курама болууга ниеттенишүүдө. Курамда француздардын башкы жылдызы Килиан Мбаппе бар.

Сенегал - акыркы жылдардагы Африканын эң күчтүү курамаларынын бири катары саналууда. Ушуну менен үчүнчү жолу Дүйнө чемпиондугуна тандалып алынды. Алар сенсациялуу түрдө чейрек финалга чейин жеткен 2022-жылкы ийгиликти кайталоону көздөшүүдө.

Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.