Дүйнө чемпионаты-2026: Ирак - Норвегия беттешинде кайсы курама сенсация жарата алат?
Новость

17-июнда саат 04:00дө Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында Ирак - Норвегия курамалары беттешет.

Тайпалык оюндарда ким утарын алдын ала айтуу кыйын болгон беттеш Ирак менен Норвегиянын ортосунда өтөт. Бул чемпионат европалыктарга өздөрүнүн мыктылыгын дүйнөгө далилдөө үчүн чоң мүмкүнчүлүк. 

Ал эми Ирак үчүн дүйнөлүк аренада чоң сенсация жаратып, өз тарыхын кайрадан жазууга түзүлгөн шарт.

Ирак менен Норвегиянын улуттук курамалары буга чейин расмий же жолдоштук оюндарда жолугушкан эмес. Бул Дүйнө чемпионатынын тайпалык баскычындагы биринчи оюн алардын ортосундагы эң алгачкы тарыхый беттеш болуп калат.

Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.