Футбол боюнча Дүйнө чемпиондору - Аргентина курамасы Алжирге каршы беттеш өткөрөт
Новость

17-июнда саат 07:00дө Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында Аргентина - Алжир курамалары беттешет.

Футбол боюнча учурдагы Дүйнөнүн чемпиондору - Аргентина курамасы бул жолку Мундиалга катышаар алдында күйөрмандардын басымына кабылган жок. Мындай абал аргентиналык футболчуларга канчалык пайда келтирери азырынча белгисиз. 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунда болгон күчүн жумшаган Аргентина курамасы кубокту өз өлкөсүнө алып кеткен эле.

Кураманын тайпалык баскычтагы атаандашы Алжир командасы фавориттер үчүн коркунуч жарата алчу командалардын бири. Алжирликтер ылдамдык, оюн талаасындагы боштуктарды таба алгандыгы менен айырмаланып келишет. Эки курама команда кызыктуу беттеш көрсөтөрү талашсыз.

Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.