17-июнда саат 10:00дө Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында J тайпасындагы Австрия - Иордания курамалары беттешет.
Австрия курама командасы 28 жылдан кийин кайрадан Дүйнө чемпионатына кайтып келди. Алар акыркы жолу 1998-жылы Францияда өткөн мундиалда ойногон. Команда акыркы жылдары дисциплинаны сактаган жамаатка айланды. Алар курч футбол көрсөтпөсө да, жыйынтык чыгара аларын далилдеп келишет. Австриялыктар Европа аймагындагы тандоо оюндарында сегиз беттештин алтоосунда жеңишке жетип, Дүйнө чемпионатына түз жолдомо алышкан.
Иордания үчүн Дүйнө чемпионатына катышуунун өзү чоң тарыхый жетишкендик болуп саналат. Курама өз тарыхында алгачкы жолу мундиалга жолдомо алып, дүйнөнүн эң күчтүү командалары менен күч сынашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.