Дүйнө чемпионаты-2026: Португалия - Конго Демократиялык Республикасы беттешет
Новость

17-июнда саат 23:00дө Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында К тайпасында Португалия жана Конго Демократиялык Республикасы курамалары беттешет. Португалия бул тайпада фаворит катары саналууда. Команданын бардык позицияларында күчтүү оюнчулар бар. Алардын арасында тажрыйбалуу ардагерлер жана чабуулдагы лидерлер да орун алган. Оюнда чабуулчу Криштиану Роналдуга күйөрмандык кылгандар арбын. Бул Мундиаль спортчу үчүн акыркы болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Жылдыздуу футболчуда азырынча Дүйнө чемпионатынын кубогу жок. Мындан улам Португалия курамасы кубок үчүн келгенин көрсөтүшү керек. 

Конго курама командасы 1974-жылдан бери алгачкы жолу Дүйнө чемпионатына кайтып келди. Команда үчүн тандоо турундагы оюндар оңойго турган жок. Ошентсе да Мундиалга жолдомо алган.

Курам физикалык жактан күчтүү оюнчулардан түзүлгөн. Алар чабуулдагы мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу пайдаланууга аракет кылышат. Бирок дүйнөлүк деңгээлдеги турнирлердеги тажрыйбанын аздыгынан Португалия менен салыштырганда Конго аутсайдер катары көрүнүшү мүмкүн. Бул жолу Дүйнө чемпионатына биринчи жолу катышып жаткан курамалар да күтүүсүз жыйынтык көрсөтүүсү мүмкүн. Буга Испания - Кабо-Верде беттеши далил боло алат. 

Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.