17-июнга караган түнү Франция менен Сенегал курамалары беттешти. Оюндун 66-мүнөтүндө Килиан Мбаппе эсепти ачты. 82–мүнөттө Брэдли Барколя гол киргизип, Франция пайдасына 2:0 болду.
90+5-мүнөттө сенегалдык Ибраима Мбайе француздардын дарбазасына гол тепти. Бир мүнөттөн кийин Мбаппе дубль жасап, оюндун акыркы эсебин орнотту. Жыйынтык 3:1. Муну менен тайпалык баскычтагы оюнда Франция 3 упай алды.
Беттештерди УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүп жатат.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.