Месси хет-трик жасап, Аргентина курамасы Алжирди 3:0 эсебинде жеңди
Новость

17-июнда Аргентина менен Алжир курамаларынын ортосундагы беттеш орун алды. Аргентина курамасы Дүйнө чемпионаты-2026 турнирин жеңиш менен баштады.

Лионель Месси карьерасындагы Дүйнө чемпионаттарындагы алгачкы хет-трик жасады. Аргентиналыктар оюнда топко көбүүрөөк ээлик кылышты. 17, 60, 76-мүнөттөрдө Месси гол жаратты.

Дүйнөнүн учурдагы чемпиондору турнирдин башынан эле чемпиондукка негизги талапкерлердин бири экенин дагы бир жолу далилдешти.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.