Дүйнө чемпионаты-2026: Англия - Хорватия курамалары күч сынашат
Новость

18-июнга караган түнү саат 02:00дө Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында L тайпасындагы Англия - Хорватия курамалары беттешет. Оюн Даллас стадионунда өтөт.

Командалар тарыхта 12-жолу өз ара беттешке чыгышат. Буга чейинки 11 оюнда англиялыктардын эсебинде алты жеңиш бар, ал эми хорваттар үч жолу жеңишке жетишкен. Дагы эки оюн тең чыгуу менен аяктаган.

Футбол сүйүүчүлөрү Англия курама командасын беттештин фаворити деп эсептешет. Хорватия курама командасы Дүйнө Чемпионатында 2 жана 3-орунду алып келишкен. Алар Кубок алууга аракет кылышары талашсыз.

Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.