18-июнда таңкы саат 05:00дө Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында L тайпасындагы Гана - Панама курамалары беттешет.
Гана курама командасы Дүйнө чемпионатына бешинчи жолу катышууда. Бирок ошол эле учурда турнирдин алдында бир катар кыйынчылыктарга туш болушту. Жарым коргоочу Томас Партей виза көйгөйүнө байланыштуу Канадага бара албай калса, Мохаммед Кудус жаракатынан толук айыгып кете элек.
Панама курамасы өз тарыхында экинчи жолу Дүйнө чемпионатына катышууда. Башкы машыктыруучу Томас Кристиансендин жетекчилиги астында бул команда ийгиликтерге жетишип, ФИФАнын рейтингинде 34-орунга көтөрүлдү.
Эки команда тең жакшы физикалык даярдыкта болгондуктан, футбол күйөрмандары беттеш тең чыгуу менен аякташын божомолдошууда.
Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.