Өзбекстан Дүйнө чемпионатында дебют жасап, Колумбия менен беттешет
Новость

18-июнда саат 08:00дө Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында К тайпасындагы Өзбекстан - Колумбия курамалары беттешет. Оюн Мехико стадионунда өтөт.

Колумбия - Түштүк Америкадагы тандап алуу оюндарында абдан ишенимдүү ойноп, тайпада эң көп гол киргизген командалардын бири болду. Курамда Луис Диас жана тажрыйбалуу Хамес Родригес сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги чабуулчулар бар. Алардын башкы максаты - мелдешти ишенимдүү жеңиш менен баштоо.

Өзбекстан өз тарыхында биринчи жолу Дүйнө чемпионатына жолдомо алды. Ошондой эле Борбор Азиядан катышып жаткан жалгыз курама. Команда коргонууда Абдукодир Хусанов жана чабуулда капитан Эльдор Шомуродовго ишеним артат. Бирок акыркы жолдоштук беттештерде Канада жана Нидерланддардан жеңилип калганы байкалган.

Бул беттеште Колумбия фаворит катары каралууда. Өзбекстандын Дүйнө чемпионатында тажрыйбасы жоктугу да оюнга таасир этиши мүмкүн. Ага карабай Өзбекстан курамасында тарыхый голду жаратууга мүмкүнчүлүктөр жок эмес.

Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.