Австрия курамасы Иорданияны 3:1 эсебинде утту
Новость

17-июнда Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында J тайпасынын 1-турунда Австрия курама командасы Иордания менен кез келип, 3:1 эсебинде жеңди.

Оюндун 21-мүнөтүндө Романо Шмид гол киргизип, эсепти ачты. Оюндун 50-мүнөтүндө иорданиялык Али Ольван эсепти теңеди. Австрияга жеңишти автогол алып келди. 77-мүнөттө Язан Аль-Араб өз дарбазасына гол киргизип алды. Беттештин соңунда 37 жаштагы Марко Арнаутович пенальтиден гол киргизип, эсепти 3:1 кыла алды.

Биринчи турдан кийин Австрия 3 упай менен J тайпасында экинчи орунда турат. Бул тайпадагы Аргентина Алжирди 3:0 эсебинде утуп, 1-орунда турат. Иордания үчүнчү, Алжир төртүнчү орунга жайгашты.

Тайпалык баскычтын 2-турунда Австрия 22-июнда Аргентина менен беттешет. Ал эми Иордания 23-июнда Алжирге каршы оюн өткөрөт.

Беттештерди УТКР СПОРТ каналы көрсөтүп жатат. 

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.