18-июнда Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында К тайпасындагы Өзбекстан - Колумбия курамаларынын беттеши башталды Оюн Мехикодогу стадиондо өтүүдө. Беттешти УТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтүп жатат.
1-тайм: Оюн футбол талаасынын ортосунда колумбиялыктар аркылуу башталды. Алгачкы мүнөттөрдө Колумбиянын спортчулары топко көбүрөөк ээлик кылышууда.
08:07 Хоан Мохика өзбекстандык Файзуллаевдин чабуулун оройлук менен токтоткону үчүн сары айып кагазын алды.
08:15 Өзбекстандык футболчулар акыркы мүнөттөрдө топко ээлик кылып жатышат.
08:19 Колумбия бурчтан тебүү мүмкүнчүлүгүн алды. Бирок ал ийгиликтүү болгон жок. Колумбиялыктар активдүүлүгүн көрсөтө башташты.
08:22 Колумбиялык Пуэртонун топ берүүсү менен күжүрмөн чабуул жасады. Бул да ийгиликтүү болгон жок.
08:33 Луис Лиаска каршы копол ойногон деп Абдукодир Хусоновго сары айып кагазы берилди.
08:34 Родригес айып бурчунан тепти, Өзбекстандын дарбазасынын алдында кооптуу учур болду. Бирок дарбазачы топту кармап калды.
08:37 Колумбиялыктар Өзбекстанга кооптуу абал жаратууну улантышууда.
08:38 Шомуродовго каршы орой оюн болду.
08:40 Колумбиялык Даниел Муниз гол киргизди.
08:45 Биринчи таймдагы негизги убакыт бүттү. Кошумча 5 мүнөт берилди. Колумбиялыктар бул арада чабуул жасап турушту.
08:50. Тыныгуу жарыяланды.
09:05 Экинчи тайм башталды. Өзбекстандык оюнчулар ишенимдүү оюнга киришишти.
09:10. Оюндун 49-мүнөтүндө колумбиялыктар активдүү ойноп жатышат.
09:13 Өзбекстандын дарбазасынын алдында кооптуу абал болду.
09:20 Өзбекстан Дүйнө чемпионатындагы алгачкы тарыхый голун Файзуллаев киргизди. Эсеп 1:1
09:22 65-мүнөтто колумбиялык Луис Диас гол киргизди. Эсеп 2:1
09:51 Оюндун 89-мүнөтүндө Өзбекстан курамасынын футболчусу Колумбиянын дарбазасына тепти, бирок ийгиликсиз болуп топ дарбазанын өйдө жагынан өттү.
09:52. Негизги 90 мүнөт убакыт бүттү. Калыс 8 мүнөт кошуп берди.
Колумбия кошумча берилген мүнөттө Өзбекстандын дарбазасына үчүнчү голду киргизди. Оюн 3:1 эсебинде аяктады

