Швейцария курамасы Босния жана Герцеговинаны 4:1 эсебинде утту
Новость

Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин тайпалык оюндарынын 2-туру өттүүдө. В тайпасындагы Швейцария менен Босния жана Герцеговина курамаларынын беттеши 4:1 эсебинде жыйынтыкталды. 

Швейцария курамасынын оюнчусу Жоан Манзамби 74 жана 90-мүнөттөрдө дубль жасады. Рубен Варгас 84-мүнөттө жана Гранит Жака 90+7 мүнөттө төртүнчү голду жаратты.

Босния жана Герцеговинанын футболчусу Эрмин Махмич 90+3 мүнөттө жалгыз голду киргизди.

Оюндан кийин Швейцария 4 упай алды.

Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүүдө.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.