Дүйнө чемпионаты-2026: Германия менен Кот-д’Ивуар беттешет
Новость

Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин тайпалык оюндарынын 2-туру өтүүдө. 21-июнга караган түнү саат 02:00дө Е тайпасындагы Германия менен Кот-д’Ивуар курама командалары беттешет. 

Биринчи турда Германия дебютант Кюрасао командасын 7:1 эсебинде утуп, 3 упайга ээ болгон. 

Кот-д’Ивуар Эквадорду 1:0 эсебинде уткан. Эки курама тең тайпалык баскычта алдыда келе жатышат.

Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүүдө.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.