Түркия Парагвайдан утулуп, плей-оффго чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады
Новость

Парагвай улуттук курама командасы Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин экинчи турунда Түркия курамасын жеңип алды.
D тайпасындагы беттеш 1:0 эсебинде аяктап, беттештин экинчи мүнөтүндө Матиас Галарса гол киргизди.

Парагвай курамасынын жарым коргоочусу Мигель Альмирон Түркиянын оюнчусу менен талашып-тартышып жатканда оозун колу менен жапкандыгы үчүн кызыл айып кагазын алды. Бул эреже ушул дүйнө чемпионатынан баштап күчүнө кирген.

Буга чейин Түркия Австралия курамасына утулуп калган. Муну менен плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Парагвайлыктар эки оюнда үч упай топтошту.

Турнирдик таблицада АКШ командасы 6 упай көч башында келе жатат, алар буга чейин эле турнирдин 1/16 финалына жолдомону камсыздашкан.

Кезектеги турда түрктөр америкалыктар менен, ал эми Парагвай курамасы австралиялыктар менен ойнойт, эки беттеш тең 25-июнда өтөт.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.