Бразилия менен Марокко тайпалык баскычтын экинчи турунда жеңишке жетишти
Новость

Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында тайпалык оюндардын экинчи туру өтүүдө.

20-июнда С тайпасындагы Марокко курама командасы Шотландияны 1:0 эсебинде утуп алды. Оюндун экинчи мүнөтүндө марокколук Исмаэл Сайбари гол жаратты. Муну менен ал беттештин мыкты оюнчусу аталды.

Марокко бул жеңишинен кийин 3 упайга ээ болду.

Ушул тайпадагы Бразилия менен Гаити беттеши бразилиялыктардын жеңиши менен аяктады. Эсеп 3:0 болду. Бразилия да 3 упайга ээ болду.

Эки курама биринчи оюнда күч сынашып, тең чыгышкан. Турнирдик табдицада Марокко менен Бразилия 4 упай менен алдыда келе жатышат.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.