Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык этабынын экинчи турундагы беттеште Жапония курама командасы Тунис курамасын 4:0 эсебинде утуп алды.
Беттеш Мексиканын Монтеррей шаарында өттү.
Голдордун авторлору: Даити Камада (4-мүнөт), Аясэ Уэда (31, 83) жана Дзюня Ито (69) болушту.
Тунис командасы алгачкы жолу Эрве Ренардын жетекчилиги астында ойноду. Турнирдин ачылыш матчында шведдерден утулгандан кийин (1:5) башкы машыктыруучу Сабри Лямуши кызматтан кеткен.
Бул тайпадагы Нидерланд курама командасы Швеция курамасын жеңип алды.
Беттеш 5:1 эсебинде аяктады. Анда Бриан Броббей менен Коди Гакпо дубль жасашса, Крисенсио Саммервилл дагы бир гол киргизди. Ал эми шведдерден Энтони Эланга айырмаланды.
F тайпасындагы абал Нидерланд менен Жапониядан 4төн упай бар.
Ал эми Швецияда 3 упай бар.
Тунис курамасы бир да упай топтой алган жок жана плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.