Испания Сауд Арабияны 4:0 эсебинде утту
Новость

Дүйнө чемпионатынын H тайпасынын 2-турунда Испания курама командасы Сауд Арабиясын ири эсеп менен жеңип алды.

Оюн АКШнын Атланта шаарындагы "Мерседес-Бенц Стэдиум" стадионунда өттү. 

Беттеште Испаниянын футболчулары 4:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти. Экинчи турдан кийин Испания 4 упай топтоп, H тайпасынын сап башына чыкты. Ал эми Сауд Арабиясы 1 упай менен төртүнчү орунда калды.

Үчүнчү турда Испания 27-июнда Уругвай менен беттешсе, ошол эле күнү Сауд Арабиясы Кабо-Верде курама командасына каршы ойнойт.