Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин 2-турунун алкагында G тайпасындагы Жаңы Зеландия менен Египет курама командалары беттешти. Оюн египеттиктердин 3:1 эсебиндеги ишенимдүү жеңиши менен аяктады.
Жаңы Зеландиянын жалгыз голун беттештин 15-мүнөтүндө борбордук коргоочу Финн Серман киргизди. Экинчи таймда Египет оюндагы демилгени толугу менен колго алып, үч ирет айырмаланды. 59-мүнөттө Мостафа Зико эсепти теңесе, 67-мүнөттө Мохамед Салах өз командасын алдыга чыгарды.
Египеттин оюнчусу Трезе 82-мүнөттө үчүнчү голду жаратты.
Бул тайпадагы Бельгия менен Иран курама командаларынын беттеши тең чыгуу менен аяктады. Оюндун жыйынтыгында эсеп ачылган жок - 0:0.
Эки команда тең бир нече мүмкүнчүлүк жараткан менен, гол киргизе алышкан жок. Тайпада 4 упай менен Египет алдыда келе жатат. Иран менен Бельгияда 2ден жана Жаңы Зеландияда 1 упай бар.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.