Дүйнө чемпионаты-2026 турниринде H тайпасында Уругвай менен Кабо-Верде ортосундагы беттеш 2:2 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.
Беттештин 21-мүнөтүндө Кабо-Верденин жарым коргоочусу Кевин Пина 30 метр алыстан таамай сокку узатып, командасын алдыга чыгарды. Бул Кабо-Верденин дүйнө чемпионаттарындагы алгачкы тарыхый голу болуп калды.
Уругвай биринчи таймдын соңунда жооп кайтарды. 44-мүнөттө Максимилиано Араухо эсепти теңесе, калыстын кошумчалаган убактысында Агустин Каноббио гол киргизип, Уругвайды алдыга чыгарды.
Кабо-Верде экинчи таймдын 61-мүнөтүндө эсепти кайрадан теңеди. Калган убакытта Уругвай чабуулдарын күчөткөнү менен жеңиш голун киргизе алган жок.
Бул жыйынтык H тайпасындагы абалды ого бетер курчутту. Эки турдан кийин Испания Сауд Арабияны утуп, 4 упай менен лидер болууда. Уругвай менен Кабо-Верде 2ден упай топтоду. Акыркы турда Уругвай Испания менен, ал эми Кабо-Верде Сауд Арабиясы менен беттешет.
Кабо-Верде дүйнө чемпионатындагы дебютунда экинчи ирет сенсация жаратып, буга чейин Испания менен да тең чыккан. Африкалык команда плей-оффко чыгуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.