Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында Аргентина менен Австрия курамалары беттешет. Оюн 22-июнда саат 22:00дө АКШда өтөт.
Командалар бири-бири менен эки жолу кез келишкен. Аргентиналыктар бир жолу жеңишке жетип, бир ирет тең чыгышкан.
J тайпасынын 1-турунда Аргентина Алжирди 3:0 эсебинде уткан. Австрия болсо Иорданияны 3:1 эсебинде жеңген. Тайпада эки курама тең 3 упай менен алдыда келе жатышат.
Дүйнө чемпионатындагы беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүүдө.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.