Дүйнө чемпионаты-2026: Франция - Ирак беттешет
Новость

Дүйнө чемпионатынын I тайпасындагы 2-турунда Франция менен Ирак курама командалары 23-июнга караган түнү саат 03:00дө кездешет.

Франция турнирди ишенимдүү баштап, 1-турда Сенегалды 3:1 эсебинде утуп алган. Килиан Мбаппе эң сонун формада жана алгачкы оюнда эле дубль жасаганга жетишти. Дидье Дешамдын командасы бул оюнда жеңишке жетишсе, мөөнөтүнөн мурда плей-оффко жолдомо алат.

Ирак болсо Норвегиядан 1:4 эсебинде утулуп калган. Эми алар турнирде калуу үчүн кеминде тең чыгууга умтулушат.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.