Дүйнө чемпионатынын I тайпасындагы 2-турунда Норвегия менен Сенегал курама командалары 23-июнда саат 06:00дө кездешет.
Биринчи турда Норвегия Иракты 4:1 эсебинде утуп, турнирди ишенимдүү баштаган.
Эрлинг Холанд алгачкы оюнда эле дубль жасап, өзүнүн мыкты формасында экенин көрсөттү. Норвегия бул оюнда жеңишке жетсе, мөөнөтүнөн мурда кийинки этапка жолдомо алат.
Сенегал Францияга каршы өткөн биринчи беттеште 1:3 эсебинде утулуп калган. Бул оюнда упай алууга бүт күчүн жумшашат.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.