Аргентина Австрияны 2:0 эсебинде утуп алды
Новость

Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында экинчи турдун оюндары орун алды. J тайпасындагы Аргентина курамасы Австрияны 2:0 эсебинде утуп алды.

Оюндун жүрүшүндө Аргентина курамасы топко көбүрөөк ээлик кылып, чабуулдарды үзгүлтүксүз жасап турушту. Оюндун 38-мүнөтүндө Лионель Месси гол жаратып, эсепти ачты. Беттеш соңунда 90+5 кошумча берилген мүнөттө Месси дубль жасады. 

Австрия каршылык көрсөтүүгө аракет кылганы менен Аргентинанын уюшкан коргонуусунан өтө алган жок. Натыйжада түштүк америкалыктар экинчи ирет катары менен жеңишке жетип, тайпадагы лидерлик позициясын сактап калды.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.