FIFA тарыхындагы Дүйнө чемпионатынын мыкты бомбардирлери: Месси тизменин сап башына чыкты
Новость

FIFA 1930-жылдан бери Дүйнө чемпионатын өткөрүп келет. Дүйнө чемпионаты-2026 турнири башталганга чейин тарыхтагы эң көп гол киргизген оюнчу катары германиялык Мирослав Клозе саналып келген. 

Аргентинанын лидери Лионель Месси бул көрсөткүчтү жаңыртып, жаңы рекорддун ээси болду. Месси тайпалык баскычтагы алгачкы оюнда Алжирдин дарбазасына хет-трик жасаса, Австрияга каршы оюнда эки гол киргизди. 18 гол менен Дүйнө чемпионаттарындагы голдорунун саны рекорддук деңгээлге жетти.

Клозе жараткан голдордун саны 16 эле. Франциянын спортчусу Килиан Мбаппе да бул көрсөткүчтү багынтты. Ал Сенегал жана Ирак менен болгон беттештерде дубль жаратты. Француз чабуулчусу бул көрсөткүчкө болгону 16 оюнда жетишкен.