Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин К тайпасындагы эң кызыктуу оюндардын бири - Португалия менен Өзбекстандын беттеши. Оюн 23-июнда саат 23:00дө башталат.
Өзбекстан болсо биринчи турда Колумбияга 1:3 эсебинде утулуп калган. Дебютант курама экенине карабай курч оюн өткөрүшкөн эле. Курама тайпадан чыгышы үчүн футболчулар бардык күчүн жумшашат.
Португалия биринчи турда Конго ДР менен 1:1 эсебинде тең чыгып, күтүлгөн деңгээлде оюн көрсөтө алган эмес. Ошондуктан бул жолку беттеште жеңишке жетүү үчүн чабуулга көбүрөөк басым жасашы күтүлүүдө.
Тайпада фаворит катары Португалия эсептелет. Бирок Өзбекстандын коргонуусу жана каршы чабуулдары португалиялыктарга көйгөй жаратышы мүмкүн.
Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.