Португалия - 5:0 - Өзбекстан: Криштиану Роналду беттештин мыкты оюнчусу аталды
Новость

23-июнга караган түнү АКШда Португалия менен Өзбекстандын беттеши орун алды. Эсеп 5:0 эсебинде португалиялыктардын пайдасына аяктады.

Криштиану Роналду оюндун 6-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачты. Ал эми 17-мүнөттө Нуну Мендеш гол жаратты. Оюнда Португалия курамасы топко көбүрөөк ээлик кылды. 39-мүнөттө Криштиану Роналду дубль жасады. 

Оюндун 60-мүнөтүндө бурчтан тебүүдө португалиялык футболчу топту штанганы көздөй багыттады. Топ Абдувохид Нематовго тийип, гол кирди. Мындан улам автогол жазылды. 83-мүнөттө Рафаэль Леао алмашууга чыгып, 4 мүнөттөн кийин гол киргизди. Криштиану Роналду беттештин мыкты оюнчусу аталды.

Португалия курамасы буга чейин Конго ДР менен тең чыгып, 1 упай алган. Бул оюндан кийин 3 упай алып К тайпасында сап башына чыкты.

Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.