Панама 0:1 эсебинде Хорватияга утулуп, плей-оффго чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады
Новость

24-июнда L тайпасындагы оюндардын 2-туру орун алды. Анда Хорватия Панаманы минималдуу эсеп менен жеңип, плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калды. Анте Будимир 54-мүнөттө эсепти ачты. 

Бул жеңиш менен Хорватия тайпадагы алгачкы үч упайын алды. Ал эми катары менен экинчи жолу жеңилген Панама турнирдин плей-офф баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. 

Дал ушул тайпадагы Англия - Гана беттеши 0:0 эсебинде аяктап, курамалар 1ден упай алышты. Учурда Ангилия менен Ганада 4, Хорватияда 3 упай бар. 

Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.