Канада - Швейцария беттеши: Тайпадагы лидерлик үчүн күрөш
Новость

25-июнга караган түнү саат 01:00дө Дүйнө чемпионатынын тайпалык этабынын 3-турунун алкагында Швейцария жана Канада курама командалары кез келет. Учурда эки команда тең эки оюндун жыйынтыгы боюнча 4төн упай топтоп, топтун сап башында баратышат. 

Канада курамасы өз тарыхында алгачкы жолу плей-оффко чыгуу алдында турат. 

Швейцария курамасы турнирдин жүрүшүндө Босния жана Герцеговинаны 4:1 эсебинде уткан.

Швейцариялыктар тайпада биринчи орунду ээлеп, плей-оффто жеңилирээк атаандашка туш келүү үчүн сөзсүз түрдө жеңишке жетиши керек. 

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.