Дүйнө чемпионаты-2026: Марокко - Гаити беттешет
Новость

25-июнга караган түнү саат 04:00дө С тобундагы курамалар үчүн акыркы тур болот.

Марокко 4 упай менен экинчи орунда, Бразилияда да 4 упай, бирок гол айырмасы менен тайпада биринчи орунда келе жатат. Гаити болсо эки оюнда тең жеңилип, бир да упай топтой алган жок жана плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготкон. Мароккого плей-оффко түз чыгуу үчүн Гаити менен тең ойноо да жетиштүү.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.