Дүйнө чемпионаты-2026: А тайпасында 3-турдун оюндары жыйынтыкталып, Мексика лидерлигин сактап калды
Новость

Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында 25-июнда А тайпасында 3-турдун оюндары жыйынтыкталды. Мексика Чехияны 3:0 эсебинде жеңип алды. Ал эми Түштүк Африка Республикасы менен Түштүк Кореянын ортосундагы беттеш 1:0 эсебинде африкалыктардын пайдасына жыйынтыкталды. 

Тайпадагы турнирдик таблица:

Мексика - 9 упай.
Түштүк Африка Республикасы - 4 упай.
Түштүк Корея - 3 упай.
Чехия - 1 упай.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.