Дүйнө чемпионаты-2026: С тайпасында Марокко менен Бразилия көп упай алышты
Новость

Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында 25-июнда С тайпасында 3-турдун оюндары жыйынтыкталды. Марокко Гаитинин 4:2 эсебинде жеңип алды. Ал эми Бразилия менен менен Шотландия курамасынын ортосундагы беттеш 3:0 эсебинде бразилиялыктардын пайдасына жыйынтыкталды. 

Тайпадагы турнирдик таблица:

Бразилия - 7 упай.
Марокко - 7 упай.
Шотландия - 3 упай.
Гаити - 0 упай.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.