Дүйнө чемпионаты-2026: Германия менен Эквадор беттешет
Новость

26-июнда саат 02:00дө Дүйнө чемпионатынын 3-турундагы Группа E турниринин алкагында Германия менен Эквадор кез келишет. Германия буга чейин эле кийинки этапка жолдомо алган болсо, Эквадор үчүн бул маанилүү оюн.

Германия турнирди абдан ишенимдүү баштады. Алгач Кюрасаону 7:1 эсебинде талкалап, андан соң Кот-д’Ивуарды 2:1 эсебинде утуп, 6 упай менен тайпада биринчи орунду ээлеп турат. 

Эквадор буга чейинки оюндарда Кот-д’Ивуарга акыркы мүнөттө утулуп (0:1), андан кийин Кюрасао менен тең чыкты (0:0). Өзгөчө Кюрасао менен болгон оюнда эквадордуктар атаандашынын дарбазасына 15 так сокку уруп, бир да гол киргизе албай калышты. Учурда 1 упайы бар жана плей-оффко чыгуу үчүн аларга бир гана жеңиш керек.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.