26-июнда саат 05:00дө Дүйнө чемпионатынын 3-турундагы F группасынын Тунис жана Нидерланд курама командалары кездешет.
Нидерланд плей-оффко чыгууну дээрлик камсыздап койду, бирок алар тайпада биринчи орунду алуу үчүн Жапония менен сырттан күрөш жүргүзүп жатышат. Ошондуктан алар үчүн жөн гана жеңиш эмес, киргизилген жана өткөрүлгөн топтордун айырмасы да маанилүү.
Тунис курамасы алгачкы эки турда тең утулуп (Швециядан 1:5, Жапониядан 0:4), тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн мөөнөтүнөн мурда жоготту. Бул оюнда африкалыктар бир гана өз намысы үчүн күрөшүшөт.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.