26-июнда саат 05:00дө Дүйнө чемпионатынын 3-турундагы F группасынын Жапония жана Швеция курама командалары кездешет.
Япония турнирди абдан туруктуу өткөрүп жатат. Аглач Нидерланды менен курч күрөштө тең чыгып (2:2), экинчи турда Тунисти 4:0 эсебинде эч кандай мүмкүнчүлүк калтырбай жеңип алышты.
Команданын башкы куралы - коллективдүү оюн жана ылдам контрчабуулдар. Жапонияга плей-оффко өтүү үчүн тең чыгуу да жетиштүү.
Швеция алгач Тунисти 5:1 менен жеңгени менен, экинчи турда дал ушундай эле 1:5 эсебинде Нидерландыдан оор жеңилүүгө дуушар болушту. Швециянын коргонуу сызыгында чоң көйгөйлөр бар экени ачык көрүндү.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.