Түркия - АКШ беттеши: Тайпадагы лидер менен аутсайдер кез келишет
Новость

26-июнда саат 08:00дө Дүйнө чемпионатынын 3-турундагы D группасынын Түркия менен АКШ курамалары кездешет. 

АКШ курамасы плей-офф маселесин эбак чечип алса, Түркия үчүн бул турнирдеги намысын сактап калуу мүмкүнчүлүгү.

АКШ турнирдин кожоюндары өз күйөрмандарынын алдында мыкты оюн көрсөтүп жатышат. Алгачкы турларда Парагвайды (4:1) жана Австралияны (2:0) ишенимдүү жеңип, 6 упай менен плей-оффко жолдомо алышты. 

Түркия курамасы бул дүйнөлүк чемпионатта ийгилик жарата алышкан жок.

Алар Австралиядан (0:2) жана Парагвайдан (0:1) утулуп, мөөнөтүнөн мурда плей-офф үмүтүнөн ажырашты.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.