Дүйнө чемпионаты-2026: Парагвай менен Австралия күч сынашат
Новость

26-июнда саат 08:00дө Дүйнө чемпионатынын 3-турундагы D группасынын жыйынтыктоочу турунда Парагвай менен менен Австралия курамалары кездешет. 

Австралия курамасы турнирди Түркияны 2:0 эсебинде ишенимдүү жеңүү менен баштап, андан кийин АКШдан 0:2 эсебинде утулуп калышты. Австралиялыктар топтордун айырмасы боюнча Парагвайдан өйдө турат, ошондуктан кийинки этапка чыгуу үчүн аларга тең чыгуу да жетиштүү.

Парагвай биринчи турда АКШдан ири эсепте (1:4) утулгандан кийин, экинчи турда Түркияны 1:0 эсебинде маанилүү жеңип алышты. Курама плей-оффко ишенимдүү өтүү үчүн бир гана жеңиш керек.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.