Дүйнө чемпионаты-2026: Е тайпасында Эквадор Германияны утуп, сенсация жаратты
Новость

Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында 26-июнда Е тайпасында 3-турдун оюндары жыйынтыкталды. Эквадор Германияны 2:1 эсебинде туп, сенсация жаратты. Оюнда дүйнөнүн төрт жолку чемпиондору Германия курама командасы топко көбүрөөк ээлик кылышты. Беттештин 2-мүнөтүндө германиялык Лерой Зане эсепти ачты. 9-мүнөттө Нильсон Ангуло гол киргизип, эсепти теңдеди. 77-мүнөттө эквадорлук Гонсало Платанын голу курамага жеңиш алып келди. 

Бул тайпадагы Кот-д’Ивуар 2:0 эсебинде Кюрасао курамасын утуп алды. Эки голду тең Николя Пепе киргизди. 

Тайпадагы турнирдик таблица:

Германия - 6 упай.
Кот-д’Ивуар - 6 упай.
Эквадор - 4 упай.
Кюрасао - 1 упай.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.