Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин алкагында 26-июнда F тайпасында 3-турдун оюндары жыйынтыкталды. Нидерланд курамасы Тунисти 3:1 эсебинде утту. Оюндун 3-мүнөтүндө нидерланддык Элье Скири эсепти ачса, 7-мүнөттө Брайан Бробби экинчи голду киргизсе, Ван Хекке, Ян Паул 62-мүнөттө үчүнчү голду киргизди. Ал эми Тунис курамасындагы жалгыз голду 54-мүнөттө Хазем Мастури жаратты.
Жапония менен Швеция беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Тайпадагы турнирдик таблица:
Нидерланд - 7 упай.
Жапония - 5 упай.
Швеция - 4 упай.
Тунис - 0 упай.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.