27-июнда саат 01:00дө Дүйнө чемпионатынын 3-турундагы I тайпасында чыныгы сенсация жана лидерлердин тиреши күтүлүүдө.
Франция да, Норвегия да алгачкы эки турда жеңишке жетип, 6дан упай топтоп, плей-оффко жолдомо алышкан.
Бул беттеш тайпада ким 1-орунду аларын аныктайт.
Франциялык Килиан Мбаппе жасаган чабуулдар кооптуу жана адатта гол менен аяктайт.
Норвегиялык Эрлинг Холанд жана Мартин Эдегор баштаган футболчулар турнирде чабуулда абдан натыйжалуу ойноп жатышат.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.